Жогорку Кеңештин комиссиясы депутаттар Чудиновго жана Жапаровго козголгон кылмыш иши боюнча жыйынтык чыгара алган жок

Жогорку Кеңештин комиссиясы "Бир Бол" фракциясынан депутаттар Игорь Чудиновго жана Акылбек Жапаровго козголгон кылмыш иши боюнча жыйынтык чыгара алган жок. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда парламент жыйынында аталган эки депутатка жана Канат Исаевге козголгон кылмыш иштерин иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, Башкы прокуратура жана УКМК тарабынан комиссия сураган материалдар берилген эмес.

Эске салсак, Башкы прокуратура 29-майда УКМКнын материалдарынын негизинде Игорь Чудинов жана Акылбек Жапаровго карата "коррупция" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Канат Исаевге козголгон кылмыш иши боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия депутат Игорь Чудиновдун жана Акылбек Жапаровдун ишин иликтеди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан