"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоого талапкер катары катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. Ошондой эле экс-депутат Турсунбай Бакир уулу да өзүн өзү көрсөтүү жолу менен президенттикке талапкерлигин көрсөткөнү кабарланды.
Эске салсак, буга чейин БШКга 8 адам документ тапшырган. Алар: Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Рита Карасартова, Камила Шаршекеева, Арстанбек Абдылдаев, Назарбек Нышанов, Бакыт Дегенбаев жана Сайнидин Султанидинов. БШКга арыз бергендердин 8и өзүн өзү көрсөтсө, 2 талапкер партия тарабынан көрсөтүлгөн.