Бүгүн, 29-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге карата козголгон кылмыш иши боюнча 5-июнда башталган соттук отурумга Леонид Маевский бүгүн келди. Дал ушул кишинин берген көрсөтмөсү “Ата Мекен” партиясынын лидерине карата айып коюуга негиз болгон. Маевский Орусияда саясий ишмер жана телекоммуникациялык тармакта алектенген ишкер катары таанымал. Эске салсак, ал арадан 7 жыл өткөндөн кийин гана 2010-жылы Текебаевге “Мегаком” компаниясынын (“Альфа Телеком” ЖЧКсы) башкаруусуна кирүү үчүн 1 миллион доллар, адегенде 300 миңди, анан 700 миңин бергем деп чыккан. Күбөнүн айтымында, ал ушундай жол менен кийинчерээк компанияны сатып алгысы келип, бирок ал ою ишке ашпай калган. “Акчамды кайтарып берүүнү талап кыла баштаганымда Текебаев мени коркутуп-үркүтүүгө өттү”, - деди бүгүн сотто ал. 300 миң долларды Маевский Кыргыз өлкөсүндөгү ишенимдүү адамы болгон Алексей Модинге карматканын, ал эми Модин Талант Маматкеримовго бергенин айтты. Ал эми 700 миң долларды Москвада Текебаевдин адамы делген бирөөгө эсептеп карматканын билдирди. Эми бул акча чындап эле Текебаевдин колуна тийгенби жана анык далил барбы деген суроо келип чыгат. Экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун тууганы деп айтылган, кийин жердеши болуп чыккан Талант Маматкеримов кайтыш болуп кеткен. Текебаевдин адамы делген бирөөнүн аты-жөнү белгисиз, аны тергөөчүлөр да таппай койгону белгилүү болууда. Атүгүл Маевскийдин колунда акчаны өткөрүп бергендиги боюнча алакандай кагаз жок болуп чыгып, сумманын көлөмү 1 миллион доллар болсо да, тил кат жаздырып алган эмес.
Башкы прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеңеште 1-март күнү Алексей Модин, Леонид Маевский жана Өмүрбек Абдрахмановдун көрсөтмөсүнүн негизинде Текебаевге карата кылмыш иши козголгонун айткан эле. “Скай мобайл” жана “Нур телеком” уюлдук компанияларынын башкы директору болгон Модин ушул апта ичинде сотто көрсөтмө берип жатып, бир нече жолу адашып, адашканын эстей албай жатканы менен да түшүндүрдү. Бирок “мен бар учурда Маевскийден 1 миллион доллар талап кылуу, өткөрүп берүү жана алуу боюнча бир да жолу сөз болгон эмес” деди ал. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Абдрахманов Текебаев кармалгандан кийин “мен “бири акча берген, бири акчаны алган” деп 4 жыл мурун эле айткан болчумун, бирок прокуратура реакция кылбай койгон” деп чыккан болчу. Бирок сотто ал кечээ күнү Текебаевдин кабинетинде орус ишкерлерин көргөнү тууралуу 1 миллион долларды укпаганын айтты.
Буга чейин соттук отурумга келген экс-президент Роза Отунбаева “Көчөдөн эле бирөө келип алып, мен Отунбаевага 7 жыл мурун 7 миллион бергем десе, соттойсуңарбы? Далили жок эле, ушундай кылууга болобу?” деп суроо салган эле. Акча бергени, акча алганы тууралуу кагаз түрүндө далил жок, же ал сүйлөшүүнү жаздырып алган видео же аудио да жок, акчаны жеткирүүчүлөр болгон деп жатышкан Маматкеримовдун көзү тирүү эмес, ал эми Москвага келип алып кеткен делген адамдын дайыны да белгисиз болуп чыгууда. Бирок мамлекеттик айыптоо тараптан жогорудагы 3 башкы адамдан башка да күбөлөр болушу мүмкүн. Азырынча айыпты коюуга негиз болгон күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү элдин баарын ишендире тургандай далилдер менен коштолбой жатат. Ал эми так жана даана далилдин жоктугу айланып келип күмөн саноого жетелейт...
Жогорку Кеңеште педофилдерге каршы мыйзам долбоору депутаттарды коалицияга же оппозицияга таандык экенине карабай бириктирди. Долбоордун авторлору 5 парламенттик фракциянын депутаттарынан турган топ. Долбоорго ылайык, педофилдерге карата жабырлануучунун арызы болбосо деле кылмыш ишин козгоо укугу тергөөчүгө же прокурорго берилет. Бүгүнкү күндө Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси боюнча 16 жашка жете элек өспүрүмдү зордуктаган адам 20-25 жылга чейинки мөөнөткө же өмүр бою эркинен ажыратылат. Ал эми 132-беренесине ылайык, 16 жашка жете элек өспүрүмгө карата жыныстык катнашта болгон же сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган адам 3 жылга кесилет. Аталган мыйзам долбоорунун авторлору белгилегендей, көп учурда зордукталган өспүрүмдүн туугандары педофил тарап менен өз ара элдешип, мындан улам өмүр бою эркинен ажыратылчу адам 3 жылга эле кесилүүдө.
Өлкөдө кордукка кабылган балдардын саны өсүп жатат. Адистердин айтымында, өткөн 2 жылда эле өлкөдө 174 бала чоң адамдар тарабынан зомбулукка кабылса, 118 бала сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерине кабылган. Булардын айрымдары гана жалпыга маалымат каражаттары аркылуу коомчулуктун көңүл чордонуна чыгып, күнөөлүүлөр жазага тартылууда. Ал эми жаш баланы зордуктап, жеңилдетилген жазага тартылган кылмышкерлер канча? 2015-жылы парламенттик шайлоо алдында педофилдикке өлүм жазасын киргизебиз деп "Өнүгүү-Прогресс" партиясы убадасын берген. Андан бери 2 жыл өттү, азырынча жыйынтык жок. Ал эми депутаттык топтун педофилдерге каршы мыйзам долбоору бүгүн палатада 2-окууда каралып жатканда бардык депутаттар аны колдоорун билдирип жатышты. Жыйынтыгында 105 депутат "макул", 2 депутат "каршы" деп добуш берди. Акыйкатчы Кубат Оторбаев айткандай, өлкөдө укуктук мыйзамдар эмес, "жунгли" мыйзамдары колдонулуп жатканда айыпсыз адамдар ак жеринен караланып камакка алынышы да ыктымал. Андыктан, мыйзам кабыл алынса, педофилдикке шектелген адамдардын тагдырын прокурорлор менен тергөөчүлөр чечип калат деген коркунучтар жаралат...