Viber мессенжеринде бирөө менен жазышып жатканда чатты жаппай туруп башка серверлерди колдонуу функциялары пайда болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жаңы функцияны колдонуп, интернеттеги видеолорду чаттан чыкпай туруп көрүп, аны башкаларга жөнөтүүгө мүмкүн. Видеолорду көрүүдөн сырткары колдонуучулар Spotify сервисинин жардамы менен каалаган музыкасын издеп, достору менен ошол замат бөлүшсө болот. Ал эми Vice сервиси аркылуу ар кайсы тармактагы акыркы жаңылыктарды окууга мүмкүн.
Бул тиркеменин колдонуучуларына жаңы функциялардын жардамы менен саякаттоо жеңил болуп калат. Booking.com сервиси менен сиз мейманканалар тууралуу маалыматты окуп, аны чогуу саякатка чыккыңыз келген адамдарга жиберип койсоңуз болот. Жогоруда айтылган сервистерден сырткары Viber`ге GIPHY, Guggy жана Getty Images дагы кошулат.