Аккумулятору жок иштей турган телефондун үлгүсү иштелип чыкты

Вашингтондун Сиэтл университетинин изилдөөчүлөр тобу аккумулятору жок, тагыраагы, айлана-чөйрөдөгү энергия (Жер шарынан, Күн, жер астындагы суулардан чыккан энергия) менен иштей турган телефондун үлгүсүн иштеп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

"Уюлдук телефон эң пайдалуу буюм. Эми телефонуңуз өчүп калса да, SMS-билдирүү жазып, чалуу мүмкүнчүлүгү бар экенин элестетип көрүӊүз", - деп билдирген изилдөөчү топтун жетекчиси Жошуа Смит.

Жаңы үлгүнү түзүүдө электр энергиясын аз көлөмдө колдонуу үчүн телефондун ички курамдарынын баарын нөлдөн баштап жасап чыгышкан.

Ошондой эле электр энергиясын керектөөнү азайтуу үчүн аналогдук үн берүүнү пайдаланууга аргасыз болушкан.

Учурда иштелип жаткан телефондо баскычтар гана бар. Кийинки телефондун нускасында тексттик билдирүүлөрдү жиберүүгө жана окууга шарт түзүлмөкчү. Ошондой эле чалуу сапатын жакшыртуу үчүн экран орнотулмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Batma08
2017-06-30 12:50:16
Мынча жакшы
0
souza.j
2017-06-30 13:11:45
Прогресс жашылбайды кубалап , жашыл прогроссти кубалап аТан гору
-4
kychan.98
2017-06-30 16:44:12
souza.j,не деп тамтырап койггнсун
+3
lizaliza
2017-06-30 14:07:30
Ммм. Жакшы экен
0
beka666
2017-06-30 22:35:17
Акыры адамдар да олбос болот
-1
-NURIK-
2017-06-30 22:50:43
beka666,Өлүм чындык.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан