Төрагага "Жогорку Кеңештин 6-чакырылышын чөнтөк депутаттар дегенге кандай карайсыз?" деген суроо берилди. Чыныбай Турсунбеков: “Мен чөнтөк депутат экени боюнча айта албайм. Бирок бул чакырылыш абдан мыкты иштеди. Негедир мурдагы чакырылыштагы чырдан башы чыкпаган депутаттар бул чакырылышта абдан өзгөрдү, тынч иштеп жатышат", - деп жооп кылды.
Спикер бүгүн парламенттин акыркы жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчёт берүүдө.