"Өмүрбек Текебаев экөөбүздүн мамилебиз азыр да абдан жакшы", - деп бүгүн, 30-июнда маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков журналисттерге билдирди.
"Экөөбүз кесиптеш катары абдан мамилебиз жакшы. Азыр сот процесси боюнча маалыматтарды “Ата Мекен” фракциясынын депутаттарынан, журналисттерден маалыматтарды угуп турам. Эсиңиздерде болсо керек, буга чейин мен төрт фракциянын лидери менен УКМКнын абагына барып деп соолугун сурап келгем. Буга чейин биз бир коалицияда, бир багытта да иштегенбиз. Ошондуктан Өмүрбек Чиркешович менен мамилем жакшы деп айта алам", - деди Турсунбеков.