Өлкөнүн түштүк аймагында тоолор көп болгондон улам муздак агымды тосуп шамал аз болот. Мындай маалыматты бүгүн, 30-июнда SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кыргыз Гидрометеорологиялык агенттигинин божомолдоолор бөлүмүнүн башчысы Махбуба Касымова билдирди.
"Шамалдын согушу - муздак агым менен жылуу агымдын бири-бирине катуу ылдамдыкта келип кез келишинен пайда болот. Муздак агым сөзсүз жылуу агымды көздөй жылат. Бизге көбүнчө батыш тараптан муздак агым келет. Жылып келген муздак агымдын көлөмү канчалык көп болсо ошончолук кубаттуу шамал болот. Мындай шамал булутту жана жаанды пайда кылат.
Өлкө аймагында Балыкчы шаарында эң көп шамал болуп турат. Анткени түндүк-батыштан келген муздак агым тегиз, тоолордон узак жайгашкан Чүй өрөөнүнө топтолуп, Ысык-Көл тарапка жылып баштайт. Балыкчы аймагы тоо ашкандан кийинки эле өрөөн болуп эсептелет. Тоонун үстүнөн өткөн муздак агым Балыкчы аймагынын үстүндө турган жылуу агымга урунганда, шамал пайда болуп баштайт. Кээ бир учурларда бир айда 6-7 жолу ушундай көрүнүштөр орун алат", - деп билдирди Касымова.
Махбуба Касымованын маалыматына ылайык, өлкө аймагында Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарында шамал көп болот. Ал эми жаан-чачын бийик тоолордун айланасында жайгашкан аймактарда көп жаайт. Анткени булуттар тоолордон өтө албай топтолуп калат.
"Шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрден ашканы чатырларды учуруп, дарактарды кулатып, кырсыкка, талкаланууга алып келет. Бул ӨКМнын жана Кыргыз Гидрометеорологиялык агенттигинин койгон чени. Жаан көп жааган өрөөндөргө өлкөнүн Аксы, Ала-Бука райондору кирет. Бул жылы Аксы өрөөнүндө 1 айлык жаан эки сааттын ичинде жааган. Ошол эле учурда жаан көп жааган аймактардын катарына Баткен облусу да кирет", - деп кошумчалады Касымова.