Бүгүн, 30-июнда 29-туулган күнүн ырчы Ильяз Андаш да белгилөөдө. Ырчыны куттуктап байланышка чыксак, ыраазычылыгын билдирип, өздүк майрамын кандай белгилээри тууралуу буларды билдирди:
"Негизи туулган күндү белгилөөгө көп деле маани бербейм. Бүгүн тойго чакыруу алгам, эртеӊ да кадимки эле жумуш күн болот. Туулган күндү кечинде достор менен эле чакан белгилеп коёбуз", - дейт Ильяз Андаш.
Белгилей кетсек, ырчы Каракол шаарында төрөлгөн. Аталган шаардагы Ыбрай Туманов атындагы музыкалык окуу жайынын эстрада бөлүмүн аяктаган. Ал "Кечикпе", "Жаңылуу", "Кыргыз жери", "Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар" аттуу ырлары менен эл оозуна алынган.