Бүгүн, 30-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Спикер Чыныбай Турсунбеков премьер Сооронбай Жээнбековго дээрлик 2 айга созулган ойлонуп-толгонуудан кийин бүгүн “эрегишке” чакырык таштады. “Ооба, президенттикке ат салышууга ниетим бар” деди Турсунбеков журналисттерге Жогорку Кеңештин 2016-2017-жылдардагы ишмердүүлүгү боюнча иш жыйынтыгын айтып берип жатып. “Чыныбай мырза президенттик шайлоого катышат” деп айтылып жаткан кептерден жаа бою качып жүргөн спикер жалпыга маалымдоо каражаттарын отчётко деп чакырып, анын жүрүшүн президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү жолу аркылуу чыгарына арнап салды. Ал эми КСДПнын ичиндеги келишпестиктер боюнча сырларды ачпай турганын айтып, ошентсе да шайлоого катышуусу көйгөйлүү маселе болуп жатканын жана бул темада мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен бир канча жолу сүйлөшкөнүн ачыктады.
Чыныбай Турсунбековдун 15-октябрда өтүүчү шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү аркылуу катышуусу эмнени билдириши мүмкүн? Биринчиси: бул бийликтин алдын-ала түрдүү капыстыктан өзү үчүн камсыздап койгон варианты. Эгерде Турсунбеков КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлүгүнөн чыкпай туруп, социал-демократтардын расмий эмес талапкери катары шайлоого катыша турган болсо, анда окуянын мындай өнүгүүсүн бийликтин тактикасы деп кабыл алууга болот. Бул кадам кайсы бир талапкердин добушун чачыратуу максатында, же бийликчил партиянын электоратты адаштыруу аракетинде жасалышы мүмкүн.
Экинчиси: бул учурдагы спикердин КСДП менен акылдашпай туруп, бир гана өзү чыгарган демилгеси. Андай болсо, Турсунбеков шайлоого өз алдынча бара жатканын далилдөө үчүн социал-демократтардын катарынан чыгып, оппозицияга өткөнүн жарыялашы керек болот. Бирок бүгүн ал “азырынча спикерликтен кетүүгө эрте, маселе ага жете элек” деди. Бул аралыкта президент Алмазбек Атамбаев бүгүн иш-чаралардын биринде шайлоого токтолуп өттү. “Шайлоо алдында баары кыйкыра беришет. Силер “а сен эл үчүн эмне кылдың?” деп сурагыла. Эл кыйналып турганда кайда элең? 2009-жылы ким менен элең?” деди Атамбаев. Буга чейин Орусиядагы сапарында президент Жээнбеков менен Турсунбековду салыштырып жатып “Чыныбай Акунович партияга жакында эле келди да, ал эми Сооронбай Шариповичти социал-демократтар 20 жылдан ашуун убакыттан бери тааныйт” деген болчу. Андан ары Жээнбековду эң кыйын мезгилде жанында болгонун кошумчалаган. Бирок 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо КСДПнын депутаттыкка койгон талапкерлеринин тизмесин карай келсек, 1-Алмазбек Атамбаев, 2-Исмаил Исаков, 3-катарда Чыныбай Турсунбеков орун алган. Ал эми Сооронбай Жээнбековдун ысымы алдынкы ондукка да, жыйырмалыкка да кирген эмес. Эми 2015-жылдагы парламенттик шайлоодогу КСДПнын тизмесине көз жүгүртсөк, Турсунбеков сап башында жазылып, Жээнбеков кайрадан эле тизменин алдынкы катарына кошулган эмес. Талапкер катары социал-демократтар жана Атамбаев 20 жылдан ашуун тааныган Жээнбеков баалуубу, же 2 жолку парламенттик шайлоодо алдынкы саптан орун алып, артынан добуш берүүчүлөрдү ээрчитип, Жогорку Кеңешке өткөн Турсунбеков баалуубу? Тартыш да ушул жерден келип чыгышы ыктымал...
Леонид Маевский Өмүрбек Текебаевге бердим деген 1 миллион доллар бул парабы же Маевский айтып жаткандай, эки адамдын ортосундагы келишимдин бир бөлүгүбү? Эске салсак, кечээ күнү дал ушул Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде Жогорку Кеңештин депутаты Текебаевге карата айыптоо курулуп, козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум болуп өткөн. “Мен Текебаевге пара берген эмесмин. Бул уюлдук байланыш рыногуна кирүүдөгү билеттин баасы болчу, төлөм расмий болгон” деди Маевский сотто. Анда эмне үчүн ал ушундай чоң суммадагы акчаны накталай карматкан, бирде мейманканада, бирде ашканада жашырынып сүйлөшүүнүн максаты кандай болгон, эмне үчүн акчаны берүү, акчаны өткөрүп алуу боюнча кол коюлган, мөөр басылган эч бир документ кагазы жок? Маевский баштапкы көрсөтмөсүндө Текебаевди Убактылуу өкмөттө биринчи орун басар, экономикалык тармакка жооп берүүчү катары эсептегенин айтып, ошон үчүн 1 миллион долларды берүүгө макул болгонун билдирген. Бирок ал мезгилде бардык жаңылыктарда көрсөтүлгөндөй, маалымат ачык эле интернетте жүргөндүгүн эске алсак, Текебаев Убактылуу өкмөттө биринчи орун басар болбогонун билүү эң оңой. Анан кандайча кечээ сотто бир канча ирет өзү кайталап жаткандай, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты болуп турган, техникалык илимдердин доктору болгон, учурда миллиондорду айланткан бизнесмен ушундай көз көрүнөө катачылыктарга жол берет беле? Далилдерге келсек, Маевский кеңсеси жайгашкан имаратты 1-кабаттан 9-кабатка чейин суу каптап, ошондон улам аларды жоготуп алганын айтты. “Бирок сиздин кабинетиңиз 14-кабатта деп айтпадыңыз беле?” деп суроо салышса, анда “суу өйдөдөн агат да” деди. Маевский Кыргыз жеринде көп кабаттуу имарат жок деп ойлойт көрүнөт, 1-кабаттан баштап 9 кабатты толугу менен суу каптап, анан да 14-кабатта сейфте бекем сакталган документтерди кошо жараксыз кылган суу каптоону элестетүүгө болобу? Ал эми видео жаздыруу боюнча көрсөтмөсү да күбө тарабынан шалаакы мамиле жасалганын билдирет. “Биз 5 жыл эле сактайбыз, андан ары өчүрүлөт” деп жооп берди Маевский. 7 жылдан бери 1 миллион доллар акчасын өндүрө албай жүргөн адам кылмыш ишинде маанилүү болчу далилди өзүнчө алып сактап койбошу акылга сыярлык ишпи?
Кечээ сотто пара берүү фактысы боюнча эпизод өзүнчө бөлүнүп каралары маалым болду. Маевский бул иш боюнча да көрсөтмө берүүгө даяр экенин айтты. Эске салсак, ушул жылдын 1-март күнү Жогорку Кеңешке Текебаевдин иши боюнча маалымат берүүгө чакырылган УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев Маевскийди жабыркоочу тарап деп айткан, ал эми Башкы прокурор Индира Жолдубаева анын сөзүн оңдоп, Маевскийдин аракетине укуктук баа берилерин жана ал арыз ээси экенин билдирген. Негизи бул окуянын башында эле “Эмне үчүн Маевский кармалган жок? Текебаев экөөнүн статусу бирдей. Бири алган десе, бири бергем десе, эмне үчүн Текебаевди гана камашты?” деген суроолор жаралган. “Бирөөгө ор казсаң терең каз, өзүңдүн түшөрүңдү унутпа” демекчи, Маевский пара берүү боюнча кылтакка илинчү болуп калса, анда ал бул иштин баарынан кантип кутулат деген суроо жаралбай койбойт...