Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезексиз жыйынына 2 гана депутат келди
Кворумдун жоктугунан парламенттин Социалдык саясат боюнча комитети өкмөттүн 2012-жылдагы аткарган иштери боюнча отчётун уга алган жок. Комитеттин кезексиз жыйынына аталган комитеттин төрайымы Дамира Ниязалиева жана депутат Ыргал Кадыралиева гана келген. Татьяна Левинадан башка эл өкүлдөрү себебин түшүндүрбөстөн жыйынга келбей коюшканын айтты Ниязалиева. Ал эми Ыргал Кадыраоиева 2 депутат менен өкмөттүн отчётун угуу мыйзамга каршы келерин белгиледи. Соңунда комитет отурумун башка күнгө жылдыруу чечими кабыл алынды.