"Шакектер шаасы" ("Властелин колец"), "Так талашуу оюну" ("Игра престолов") тасмаларынын жылдызы, 58 жаштагы англиялык актёр Шон Бин 5-ирет үйлөндү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, актёр кечээ, 30-июнда өзүнөн 27 жаш кичүү сүйүктүүсү Эшли Мурга баш кошту. Үлпөт той чакан өтүп, ага түгөйлөрдүн жакындарынан 40 адам келген. Маалыматтарга караганда, алар 5 жыл мурун сүйүү мамилесин кура башташкан.
Актёр: "Чынын айтсам, 5-жолу үйлөнүү тууралуу планым жок болчу. Себеби Эшлини жолуктурам деп ойлогон эмесмин. Ал менен өмүрүмдүн акырына чейин бирге болгум келет", - деп билдирген.
Шон Бин биринчи жубайы, чач тарач Дебра Жеймске 1981-жылы 21 жашында баш кошкон. Экинчиси актриса Мелани Хиллге 1990-жылы үйлөнүп, 7 жыл чогуу жашаган. Актёрдун үчүнчү жана төртүнчү жубайы актрисалар Эбигейл Краттенден, Жоржина Сатклифф болгон.