Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого өзүн өзү көрсөтүү жолу менен катышат

Бүгүн, 1-июлда Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук филармониясында курултай өттү. Күн тартибиндеги негизги маселе катары Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановду президенттик шайлоого көрсөтүү маселеси каралган.

Курултайда Бабанов өзүн өзү көрсөтүү жолу менен президенттик шайлоого катышарын жарыялады. Ал саясий атаандаштыкка шарт түзүүдө президент Алмазбек Атамбаевдин салымы чоң экенин айтты. “7 жыл мурун мындай мүмкүн эмес болчу. Алмазбек Шаршенович президенттикти өткөрүп, таза жана акыйкаттуу шайлоо өткөрө турганын айтып жатат. Атамбаев өз сөзүнө туруп, тарыхта калат деп үмүт кылам. Таза коом таза шайлоодон башталат деп ишенем. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, милиция башчылары шайлоодо кол алдындагы кызматкерлерин кайсы бир талапкерге добуш берүүгө мажбурлабашы керек. Ар бир адам өзүнүн добушун бериш керек”, - деди Бабанов.

Иш-чарага өлкө аймактарынан келген 700 делегат, фракция мүчөлөрү, ЖМК өкүлдөрү жана башкалар катышты. Курултайга парламенттин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов ("Ата Мекен"), Иса Өмүркулов (КСДП), Канат Исаев ("Кыргызстан"), саясатчы Феликс Кулов, мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев, акыйкатчы Кубат Оторбаев да келди.

Курултайдын катчылыгы Ө.Бабановдун талапкерлигин бир добуштан колдоо чечими боюнча резолюцияны кабыл алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан