Жантөрө Сатыбалдиев Чоң-Алай жана Ала-Бука райондорунда болгон жаңжалдар боюнча жыйын өткөрдү

17-майда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Чоң-Алай жана Ала-Бука райондорунда болгон жаңжалдар боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга башкы прокурор Аида Салянова жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Өкмөт башчы аталган чыр-чатактар боюнча нааразычылыгын билдирди.  

 

“Жергиликтүү бийликтердин эч кандай аракети болбогондуктан ушундай чыр-чатактар чыгууда. Уруштар күчөп кеткенде гана өздөрүнүн каталарын оңдогонго аракет кылып калышат. Ушундай көрүнүштөр болбош үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүү керек. Бирок мындай иш-аракеттерди эч ким жасай элек”,- деди Сатыбалдиев.  

 

Ошондой эле премьер-министр аталган жаңжалдарда кимдер күнөөлүү болсо, бардыгын жазалоо тапшырмасын берди. 

“Чоң-Алай, Кемин, Ала-Бука, Талас райондорунда абалды курчутууга кызыкдар күчтөр бар. Күч органдары кимдер экендигин билишет. Эмнеге аларга кылмыш ишин козгобой жатышат? Же көчө мыйзамы менен жашагыңар келип жатабы? Тартип болуш керек ”,- деди ал күч органдарынын жетекчилерине кайрылып.

 

Айта кетсек, 16-майда Ош облусунун Чоң-Алай районунда кытайлар иштеткен "Кайди" алтын иштетүүчү ишкананы жабуу талабы менен жергиликтүү тургундар митингге чыгышып, ызы-чуу салышкан. Ал эми Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда мектеп окуучулары арасында мушташ чыгып, бир окуучу ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан