Бүгүн, 17-майда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратленди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташтыктын азыркы абалын, айыл чарбасы жана туризм тармагындагы биргелешкен долбоорлорду мындан ары да ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Элчи АКШ өкмөтүнүн атынан кыргыз өкмөтүнө 3-майда Чүй облусунун Чалдыбар айылынын четинде болгон авиакырсыкка ыкчам чара көрүп, себебин иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Памела Спратлен биргелешкен аракет кылуунун натыйжасында авиакырсыктын себеби аныкталарына ишенерин билдирди.