Бириккен Араб Эмираттарынын ири шаарларында ушул жылдын аягына чейин өзүн өзү башкарган полиция унаалары чыгып, тартипти күзөтө баштайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 1-июлда жазып чыгышты.
Бул унаалар 360 градустук талааны чагылдырган камера менен жабдылган. Мындай унаа шектүүнү, издөөдө жүргөн жана тартипти бузгандарды тапканга жардам берет.
Алгач робот-күзөтчү унаалар Дубайдын негизги көчөлөрүн, кооз жерлерин жана соода борборлорун кайтарууга чыгышат. Акылдуу унааларды полиция кызматкерлеринин бармак издери аркылуу гана ачууга мүмкүн болот. Жадакалса унаа керек учурда кылмышкердин артынан түшүү үчүн камерасы бар дронду коё бере алат. Бул күзөтүүчү системден маалымат полиция бөлүмүнө келип түшөт.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 21-майында алгачкы Робокоп (Robocop) аттуу робот-полиция кызматкери расмий түрдө Дубайдын полиция кызматынын курамына алынганы белгилүү болгон.