Мындан 42 жыл мурун, 1975-жылы 1-июлда президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Катраӊ айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Экономист адистиги боюнча И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. Бир нече жылдар бою "Кыргызавтомаш" жана "Электротехник" акционердик коомдорунда айдоочу болуп иштеген.
2009-2010-жылдары "Медиа-Форум" ачык акционердик коомунда экономист;
05.2010-07.2011-жылдары – Убактылуу өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басарынын жардамчысы;
12.2010-12.2011-жылдары – Кыргыз Республикасынын премьер-министринин жардамчысы;
12.2011-10.2012-жылдары – Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары;
11.2012-04.2015-жылдары – Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары;
2015-жылдын ноябрынан 2016-жылдын 27-октябрына чейин президенттин кеңешчиси кызматын аркалап келген;
2017-жылдын 20-апрелинде президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалган;
2017-жылы апрель айында Көк-бөрү федерациясынын президенти болуп шайланган.
"Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеӊешчиси" класстык чини бар. 7 бир тууган, азыр алтоо. Бир иниси райондук салык кызматкери болуп иштейт, калгандары жеке ишкердик менен алектенет. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.