Бишкекте бүгүн, 1-июлда жүздөгөн шаар тургундарынын катышуусунда Эл аралык йога күнү белгиленди. Ага Индиянын жана Кыргыз мамлекетинин йога боюнча машыктыруучулары келип, 200гө жакын адамдар менен чогуу көнүгүүлөрдү жасашты.
Майрамдык иш-чарада Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаевага жана шоумен Бакыт Байсариевге Индиянын элчилиги тарабынан "Йоганын элчиси" наамы ыйгарылды. Ошондой эле конокторго музыкалык чыгармалар, бий номерлери көрсөтүлдү.
Маалымат үчүн: Йога - Индиянын байыркы тилинен (санскрит) которгондо "көнүгүү", "биригүү", "гармония" дегенди түшүндүрөт. Ал индуизм философиясынын негизги багыттарынын бири. Йога менен машыгуу бардык жаш курактагылардын колунан келет. Спортчулар йога аркылуу чыдамдуу, күчтүү жана өзүн токтоо кармоого жетише алат. Өзгөчө мелдештерден кийин денени калыбына келтирүүдө көнүгүүлөрү пайдалуу. Суучулдар йога менен машыгып, демди ичте узак убакытка кармоого жетишишет.
Йоганын көнүгүүлөрүн жасоо булчуңдарды чыңалтат, нерв системдеринин иштөөсүн жакшыртат, иммунитетти чыңдайт, стресстен арылтат. Ошондой эле өзүнө ишенимди пайда кылат, күчтү туура багыттоого үйрөтөт.