Казакстанда өткөн Жайкы кубокто "Азия Mix" командасы 3-орунду ээледи

Кечээ, 1-июлда Казакстандын Астана шаарында өткөн Жайкы кубокто "Азия Mix" командасы 3-орунду ээледи. Бул тууралуу КВН эл аралык союзунун расмий сайтында жазылат.

Жайкы кубок Астананын "Казахстан" концерттик залында өтүп, ага "Азия Mix", "Казахи", "ГородЪ ПятигорскЪ" жана КВН боюнча Камызяк аймагынын курама командасы катышышкан. 4 команда "Саламдашуу", "Биатлон" жана "Музыкалык үй тапшырма" сынактары боюнча ат салышышкан.

"Биатлон" сынагынан "Азия Mix" 2-айлампадан чыгып калган.

Маалыматка ылайык, "Казахи" 12, "Азия Mix" 11,1, "ГородЪ ПятигорскЪ" 10,2 жана Камызяк курамасы 11,8 упайга ээ болушкан. Жеңүүчү жергиликтүү Байтерек имаратынын формасындагы Жайкы кубоктун жана 400 миң рублга ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
grace
2017-07-02 18:23:09
Астанада болуп жатса казактарга берген да. Азия Микс супер, Кыргызстан силер менен сыймыктанат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан