Мындан 35 жыл мурун, 1982-жылы 2-июлда украиналык ырчы, Ёлка каймана аты менен чыккан Елизавета Иванцив Ужгород шаарында төрөлгөн. Ёлка “Чоң аба шарында” ("На большом воздушном шаре"), “Студент кыздар” (“Девочки-студентки”), “Сулуу жигит” (“Мальчик-красавчик”) ырлары менен таанылган.
Бүгүнкү туулган күнүндө ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына күйөрмандарына кайрылган.
"Менин атым Лиза, 35 жаштамын. Жаныбарларды, музыканы жана орус рэп ырларын жакшы көрөм жана да адамдарды (көп жолу өчүрүп, кайра жаздым). Бүгүн жыйынтыкты чыгарбай эле коёлу. Мен жөн гана бактылуумун. Эгер мага белек бергиңер келсе, баракчамда шилтеме турат. Рахмат", - деген ырчы.
Ал эми шилтеме менен өткөндө, белек кылгысы келгендер "Тагдырдын белеги" кайрымдуулук фондуна каражат которуп ага белек кылса болорун жазган. Учурда чогулган каражат 41 миң рублга жакындаганын көрүүгө болот.
2-июлдун жылнаамасы.