1962-жылы америкалык актёр, режиссёр, продюсер, сценарист Том Круз АКШнын Нью-Йорк штатындагы Сиракьюс шаарында туулган. Актёрлук карьерасын 1981-жылы “Түбөлүктүү сүйүү” тасмасынан баштаган. Бирок атактуулукту 1983-жылы тартылган “Кооптуу бизнес” фильми алып келген.
Актёр 3 ирет "Алтын глобус" сыйлыгына арзып, 3 жолу "Оскарга" көрсөтүлгөн.
1987-жылы америкалык актриса Мими Рожерске үйлөнүп, 1990-жылы эки ажырым жолго түшүшкөн.
1990-жылы актриса Николь Кидман менен баш кошуп, 2001-жылы аны менен да ажырашып кеткен. Экөө Изабелла жана Коннор аттуу балдарды багып алышкан.
Үчүнчү ирет 2006-жылы актриса Кэти Холмс менен үй-бүлө куруп, 2012-жылы эки башка жолго түшүшкөн. Экөөнүн ортосунда Сури Круз аттуу кызы бар.
3-июлдун жылнаамасы.