Археологдор Мексикадан 650дөн ашуун адамдын баш сөөктөрүнөн салынган мунара табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Алар Мехико шаарындагы ацтектердин Темпло Майор ибадатканасын казып жатышкан. Ибадаткана XIV кылымдын башында ацтектердин мамлекети Теночтитланда салынган. Учурда ал жерде Мексиканын борбор калаасы жайгашкан. Комплекстин көпчүлүк бөлүгү испаниялык басып алуучулар тарабынан талкаланган.
6 метрлик мунаранын негизин археологдор дагы да казып бүтүшө элек. Мунара Күндүн, согуштун жана курмандыктын Кудайы Уицилопочтлинин ибадатканасында жайгашкан.