54 жаштагы америкалык актёр Квентин Тарантино алгачкы жолу үйлөнөт

Америкалык актёр, режиссёр жана продюсер Квентин Тарантино 30-июнь күнү сүйүктүүсү, израилдик ырчы жана модель Даниэла Пиктин колун сураганын Daily Mail басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык, бул жаңылыкты Даниэла өзү жана анын атасы композитор Цвика Пик да тастыктап, кубанычтарында чек жок экенин билдиришкен.

Белгилүү болгондой, Тарантино менен Даниэла 8 жыл мурун "Санда жок салпаяктар" ("Бесславные ублюдки") тасмасынын тартуу иштери жүрүп жатканда таанышышкан. Ал эми 2016-жылы Израилдеги Иерусалим кинофестивалына чогуу келишкен. Бирок ал учурда басылмалар экөөнүн ортосунда түшүнбөстүктөр бар экенин жазып чыгышкан.

"Тарантино алгач үйлөнүп, бир канча убакыт чогуу өмүр сүргөн соң гана балалуу болууну каалай турганын айтса, сүйүктүүсү ал убакытты күткүсү келбей, эртерээк наристе күтүүгө шашат", - деп жазган басылма.

Белгилей кетсек, 54 жаштагы Квентиндин 33 жаштагы Даниэла менен боло турган үйлөнүү тою актёрдун алгачкы ирет үйлөнүүсү болмокчу. Ал буга чейин үйлөнгөн эмес. Бирок америкалык актрисалар Мира Сорвино, София Коппола жана Ума Турман менен жылуу мамиледе болгон деп айтылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asyl.jazi
2017-07-03 12:18:00
Баары тойдон кийин башталат
0
Batma08
2017-07-03 14:46:09
Аа уйлонбосода жон журбоптурда
+1
kychan.98
2017-07-03 16:12:43
Кырктагы жигит кыз алат.а кырктагы кызды ким алат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан