Бүгүн, 3-июлга карата президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына 12 жаран документ тапшырды. Бул тууралуу комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.
10 талапкер президенттик шайлоого өзүн өзү көрсөтүү жолу менен аттанып жатат. Алар:
- Назарбек Нышанов, “Лига-антикризис” борборунун төрагасы;
- Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты;
- Арстанбек Абдылдаев, “Аурдин” ишканасынын директору;
- Турсунбай Бакир уулу, Жогорку Кеңештин экс-депутаты;
- Рита Карасартова, “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси;
- Бакыт Дегенбаев, Өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы;
- Сайнидин Султанидинов, Латвиянын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлү;
- Камила Шаршекеева, Эл аралык Борбордук Азия университетинин ректору;
- Талантбек Масадыков, эл аралык эксперт;
- Өмүрбек Бабанов, Жогорку Кеңештин депутаты;
Ал эми эки талапкер саясий партия тарабынан көрсөтүлдү:
- Темир Сариев, “Ак шумкар” партиясынын лидери;
- Бакыт Төрөбаев, Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери.