Аида Салянованын соту 14:00гө жылдырылды. Анда Елисеевдин аудиокайрылуусу уктурулат (аудио)

Бүгүн, 3-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум улантылып жатат. Отурумга депутат өзү жана анын тарапташтары катышууда.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда. Тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзгөн.

10:30 Депутат Салянованын жактоочусу эл аралык издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин буга чейин аудио кайрылуу жасап, Салянованын күнөөлүү эместигин айткан аудиосу бар экендигин, аны сотто көрсөтүү өтүнүчүн келтирди. Бирок прокурор өтүнүчтү артка кайтарды.

10:35 Сотто мурдагы Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева көрсөтмө берип жатат. Ал ошол учурда министрликте иштеп турган учурунда юстиция министри Аида Салянова анын жактоочулук лицензиясын узартып бергенин айтты. Мамбеталиева прокурордун суроолоруна жооп берип жатып, Елисеевдин лицензиясы узартылганы боюнча буйрук чыгарылганына күбө болгонун белгиледи.

10:42 Ошол кезде министрдин орун басары болгон Мамбеталиева Елисеевдин жактоочулук лицензиясын узартуу мыйзамдуу болгонун айтууда. "Биз анын лицензиясын узартуу боюнча карап чыкканбыз. Артка кайтарууга негиз жок болчу", - деди ал.

11:40 Салянова Мамбеталиевага:

- Сиз Елисеевди Максим Бакиевдин жакын таанышы экенин кайсы учурдан бери билесиз?

Мамбеталиева: - Так эсимде жок, бирок 2009-жылы билгем.

Салянова: - Елисеевдин лицензиясы 2010-жылы февраль айында токтотулуп, июль айында жаңыртылган экен. Эмне үчүн 4 ай бою министр Курмантай Абдиевге лицензиядан таптакыр ажыратууну сунуштаган жоксуз? Себеби Елисеев Бакиевдин жакын таанышы болгонун билчү экенсиз.

Мамбеталиева буга чейин жооп бергенин айтып, бул суроого жооп берген жок.

11:42 Елисеевдин видео кайрылуусун көрүүнү сунуштаган жактоочуга мамлекеттик айыптоочу кайрадан каршы чыкты. Прокурор бул мүмкүн монтаждалган деп жооп берди.

11:45 Елисеевдин кайрылуусу угууга сот макул болуп, бирок ал саат 16:00гө чейин анын сөзүн кагазга түшүрүп келүүнү сунуштады. Салянова кайрылуу бир жарым сааттык экендигин айтты. "Анын сөзүн кагазга түшүрүүгө азыр жетишпейбиз. Мүмкүн бул жерге коюп угалы же кагазга түшүрүү үчүн убакытты узартып бериңиз", - деди Салянова. Сот 16:00гө чейин аудиокайрылууну кагазга түшүртүүнү чечти.

11:55 Аида Салянованын соту 14:00гө жылдырылды. Анда Елисеевдин аудиокайрылуусу уктурулат жана башка калган күбөлөр суралмакчы.

Ленин райондук сотунда Аида Салянованын кезектеги сот отуруму орун алды

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан