"Ак баш" каймана аты менен белгилүү баңги төбөлдү кармоого баңгизатка каршы күрөшүү полициясынын жана башка укук коргоо органдарынын 150дөн ашуун агенттери катышышкан.
Полиция кызматы билдиргендей, Луиш Карлос да Рошу 30 жылдан бери качып жүргөн. Бул убакыт аралыгында бир нече жолу аты-жөнүн өзгөртүп, келбетин өзгөртүү боюнча 2ден кем эмес операция жасаткан.
Баңги төбөл качып жүрүп да кылмыштуулугун токтоткон эмес. Ал кокаинди сатуу жана өндүрүү боюнча ири тармак түзгөнгө жетишкен. Баңгизатты Боливия, Колумбия жана Перудагы жунгли токойлорунан даярдап, учактар менен Бразилияга жеткирип, АКШ жана Европада сатышкан.
Эми Луиш Карлос да Рошу 50 жылга чейин кесилиши мүмкүн.