Интернет колдонуучулардын эс алуу учурунда түшкөн сүрөттөрү көпчүлүктүн кыжырын келтире турганы аныкталды

Aviva камсыздандыруу компаниясынын изилдөөлөрүнө ылайык, социалдык тармактардын колдонуучуларынын төрттөн бир бөлүгү башкалардын эс алуу учурундагы сүрөттөрүнө кыжырданышат. Бул тууралуу Independent басылмасы кабарлайт.

Изилдөө учурунда сурамжылоого 2 миң адам катышкан. Алардын 73 пайызы башкалардын өргүү учурундагы сүрөттөрүнөн кыжырданышарын моюнга алышкан. Бирок ошолордун эле ичинен 77 пайызы кайра эле өзүлөрүнүн эс алуу учурундагы сүрөттөрүн жарыялашарын айтышкан. Акыркылардын арасынан ар бир онунчусу сүрөттөрүн башкалардын көрө албастыгын козгоо үчүн жарыялай турганын билдиришсе, калгандары кооздукту көрсөтүү үчүн (21 пайыз) же досторун жана жакындарын кабардар кылуу үчүн (44 пайыз) жүктөшөрүн айтышкан.

Эс алуу учурундагы сүрөттөрдү көбүнчө жаштар жарыялай турганы белгилүү болгон. Алар интернет колдонуучулардын 90 пайызын түзүп, көпчүлүгү 16-24 жаштагылар. Калган жаш курактагы өкүлдөрдүн 64 пайызы гана сүрөт жүктөшөрү маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Patriot7
2017-07-03 12:34:04
Ошол учун азырак мактанып, азырак сурот илип жургуло, туалетке барганынарга чейин сурот-видеого тартып жуктой бербей...
+14
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан