Бүгүн, 17-майда Кыргыз-Орус Славян университетинин чоң залында Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов жана Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько шаардык мектептердин кыргыз жана орус тили мугалимдерине 5 даанадан электрондук китептерди тапшырышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Өз сөзүндө шаар мэри балдардын билимдүү болушу үчүн бардык аракеттер жумшалып жаткандыгын белгиледи. “Балдар негизги билимди мектептен алышат жана алган билимдери келечектеринин пайдубалын түзөт. Аларды окутуу процессинде мугалим менен китептин орду өтө маанилүү”,- деди ал. Белгилей кетсек, мугалимдерге Кыргызстан элдеринин фольклорунун сөздүгү, кыргыз адабиятынын хрестоматиясы, орус адабияты жана кыргыз тилиндеги соңку жаңы орус адабияты китептери тапшырылды.