Мындан 2 жыл мурун JICA уюму аркылуу Япониядан Кыргыз жерине келген ыктыярчылардын келишимдик мөөнөтү аяктап, өз мекенине сапар тартуу алдында турушат. Алар 2 жыл аралыгында кыргыз тилин жакшы өздөштүрүп, кыргыздын каада-салттары менен кенен таанышууга жетишишкен.
SUPER.KG порталы Саяка Азума, Такуя Акиба, Кониши Томоаки аттуу Ысык-Көл облусунун ар кайсы аймактарында эмгектенишкен япон ыктыярчылары менен баарлашып, бул жакта эмне менен алектенишкенине жана өлкө эмнеси менен эсте калганына кызыгып көрдү.
“Мен пайдалуу дары-чөптөрдөн самын жасап иштедим. Алар борбордон сырткары Японияга сатууга жөнөтүлүп жатты. 2 жылдын ичинде кыргыз элине аябай көнүп алыптырмын, азыр бул жер менен коштошуу кыйын болуп жатат", - деген Саяка Азума кыргыз тилин унутуп калбоо үчүн жергиликтүү тургундардын байланыш номерлерин алып, алар менен тыгыз байланышта болууга убада бергенин кошумчалады.
Ал эми Кониши Томоаки аймактардагы 30га жакын мектептерде экология боюнча сабак бергенин айтты.
“Менин улутум башка болгону үчүн жергиликтүү окуучулар мага абдан кызыгышты. Бирок тийишүүгө аракет кылган тентек окуучулар да болду” дейт күлүп.
Ыктыярчыларды элге таанытуу, алардын эмгектерин коомчулукка жаюу боюнча алектенген Такуя Акиба кыргыздын тойлору өзгөчө таасир калтырганын айтып өттү.
“Японияда той өткөрүү үчүн мамлекет тарабынан каражат бөлүнөт. Ал эми кыргыздарда жакындары, кошуна-колоңдору чогулушуп колдон келген жардамын аяшпайт", - деген ою менен бөлүштү.