Ош шаарындагы Абсамат Масалиев көчөсүндө жаңы 70 батирлүү көп кабаттуу үй курулуп бүткөнүн бүгүн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясы билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы үй бардык шарттары менен курулду. Бул үй жайгашкан кварталда газ, жылуулук түйүндөрү толугу менен жаңыланып, балдар үчүн оюн аянтчасы да даярдалды. Жаңы үйдүн курулушуна стандартка жооп берген каражаттар жумшалганы айтылууда. Курулушта 15 куруучу бригада, ар тармактуу 150дөй жумушчу иштеген.