Жогорку Кеңештин координациялык кеңеши 22-23-майдагы парламент жыйындарынын күн тартибин бекитти. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 22-майдагы парламент жыйынында "КРнын Административдик жоопкерчилик тууралуу кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндө", "КРнын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "КРнын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорлору каралат.
23-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министрдин өкмөттүн 2012-жылдагы иши жөнүндөгү отчётун угуу пландаштырылууда. Ошондой эле "КРнын Куралдуу күчтөрүнүн ички кызматынын уставы жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "КРнын Куралдуу күчтөрүнүн гарнизондук жана кароол кызматтарынын уставы жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" жана башка бир катар мыйзам долбоорлору каралмакчы.