Бүгүн саат 15:00дө SUPER.KG порталынын түз эфиринде куудул Тынар Курбаналиев окурмандарыбыздын суроолоруна жооп бермекчи

Бүгүн саат 15:00дө SUPER.KG порталынын түз эфиринде белгилүү куудул Тынар Курбаналиев окурмандарыбыздын суроолоруна жооп бермекчи. Куудулдун күйөрмандары кызыктуу суроолорун узатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Тамашаларды ийинине жеткире аткарып, эл оозуна өзүнүн "120 кой" сатирасы менен алынган куудулга оригиналдуу суроо жөнөткөн окурмандарга белектер берилерин эскертебиз.

Белгилей кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

Суроолор +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу кабыл алынат. Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот.

Тынар Курбаналиев 5-июлда саат 15:00дө SUPER.KG'нин түз эфиринде
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
AykaMer
2017-07-03 19:24:20
Супер инфонун жаны саны качан чыгат интернетке урматтуу админ?!...
0
admin_superstan
2017-07-04 10:08:14
AykaMer, саламатсызбы? Гезиттин жаңы саны шейшемби күндөрү, тагыраак айтканда, бүгүн чыгат.
0
Neizvestno777
2017-07-03 19:25:39
Александр Крестинин келсе жакшы эле коп суроолор бар эле
0
admin_superstan
2017-07-04 10:32:09
Neizvestno777, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, эске кылабыз.
0
nurkamilovna92
2017-07-04 00:12:11
саламатсыздарбы омар келсинчи
-2
admin_superstan
2017-07-04 10:08:54
nurkamilovna92, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, эске кылабыз.
0
nurbek56
2017-07-04 09:09:23
15-талапкердин арасында Тынар Курбаналиев менен эле мен жок экен калганы баары бар экен жумушсузу да пенсионери да менда Бшкага арыз жазат окшойм
-1
no.comment
2017-07-04 09:57:28
Тынарга суроонор жокпу эч киминдин?)))
0
kychan.98
2017-07-04 14:24:36
Тынар ака сизге бир суроо? Сиздин апанызбы же атанызбы кыргыз эмес экенго ушул чынбы
+1
farida.kg.1991
2017-07-05 09:20:21
Тынар аяш ава сиз азыр апанызга чалып апа мен сизди жакшы көрөм, сизден ыраазымын, сиздин ак сүтүнүздү актаймын жаным апам деп апанызга чалып айтын?
0
ZAMAN007
2017-07-05 11:16:20
Ассалому алейкум Тынар мырза,Супер кж.Азыркы жаш куудулдардын бычакка сап боло турганы жок,бардыгынын куудулдук озгочолугу жок,таланттулары жок.10жылдан кийинки куудулдардын акыбалын кандай элестетесиз.
0
ZAMAN007
2017-07-05 11:26:33
Соз эркиндигин колдойм.Силердин сахнага алып чыккан саясий тамашанарды коробуз,колдойбуз.Бирок ушул нерселер куудулдарды терен изденуудон алыстатат.Силер айтып чыккан жаны сатиранарды андан мурда озбек кызыкчыларынан угабыз,же бул жон гана дал келуучулукпу?Рахмат,ишинизге ийгилик.
0
Pchelka85
2017-07-05 12:44:52
Акыркы жолу окуган чыгарманыз? 2. Санжар Бердикбеков, Эрнест Борубаевдер менен кандай мамиледесиз?
+1
meliss
2017-07-05 14:17:40
Дайым эле саясаты тамашалап окшош тагыраагы даяр чиновниктердин суйлогон создорун журум турумун сатира кылып элге корсотосунор,айтайын дегеним жаны сатираларды, образ,идеяларды ойлонуп корбойсунорбу? Рахмат
+2
Aquarius84
2017-07-05 14:32:14
Уй булоонуз,балдарыңыз жөнүндө маалымат бере кетсеңиз
0
Tynchtykbek84.kg
2017-07-05 15:09:12
Саламатсыздарбы супер инфо жана Тынар байке!Тынар байке ишинизге ийгилик каалоо менен суроом бар эле:жубайыныз менен ажырашып, мурунку суйгон адамына уйлонгон деп уктум эле,толук маалымат берип коесузбу, мумкун болсо?Алдын ала чон рахмат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан