КҮНСЕРЕП: Кремль Чыныбай Турсунбековго "ставка" коёбу?

Бүгүн, 4-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Кыргыз жеринде Орусиянын Федерация кеӊешинин төрайымы Валентина Матвиенко иш сапары менен жүрөт. Кечээ Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушкан спикер бүгүн Ысык-Көлдө "Балдар шериктештиги" форумуна катышты. Борбор Азия боюнча саясий эксперт Аркадий Дубнов буга чейин Матвиенконун сапарында спикер Чыныбай Турсунбеков менен гана жолугушуу каралганын жазып, анын сапарын 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого байланыштырган эле. Жогорку Кеӊештин маалымат кызматы да Матвиенко спикер Турсунбеков менен жолугушуп, Ысык-Көлдө форумга катышарын билдирген. Президент менен жолугушуу болору расмий жарыяланган эмес.

Жолугушууда Матвиенко төрага Турсунбековду көбүрөөк кеп кылып, Атамбаевге анчалык көӊүл бурбагансып отурганы байкалды. Ал эми президент конокту кепке тартуу үчүн кулакка өөн угулган тамаша айтууга үлгүрдү. Матвиенкого жылуу сөздөрдү айтып жатып "орусиялык достор, саясий салмагы бар жетекчилер акырындап Ысык-Көлгө эс алуу жайларын куруп баштаса жакшы болот эле" деди эле, ага Матвиенко чет жерге эс алуу жайларын курууга Орусиянын мыйзамдары жол бербесин эскертип жооп кылды. Бул жооптон кийин Атамбаев "мага ишенип коюӊуз, Орусиянын президенти Кыргыз жерине уруксат берет. Биздин жер чет жер эмес" деди. Ажонун тамашага салган логикасына таянганда, Путин Кыргыз жерин чет жер деп санабайт жана ал Кыргыз үчүн өз өлкөсүнүн мыйзамдарын бузууга жол берет.

КСДПнын атынан президенттикке чыкчу Сооронбай Жээнбеков Москвадан колдоого ээ болбой жатканын бир катар орус эксперттери, ага улай Кыргыз саясат таануучулары да айтып, жазып жатышат. Орус тарапты Жээнбековдор кланынын араб дүйнөсүнө көбүрөөк жакындыгы ойлондурууда деген ой жорумдар бүгүн басымдуу айтыла баштады. Матвиенконун Кыргыз өлкөсүнө болгон сапарынын максаты - шайлоого Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин карап көрүүбү? Федерация кеӊешинин спикери өлкөгө Жогорку Кеӊештин төрагасынын чакыруусу менен келгенин эскертип өттү. Мындан 1 ай мурун эле Турсунбеков Матвиенконун чакыруусу менен Орусияга барып келген. КСДПнын саясий кеӊеши жана президент Алмазбек Атамбаев ажо жарышка Жээнбеков чыгат деп айтканына карабай Турсунбековдун "шайлоого катышуу ниетим бар" дегени анын саясий кеңештин чечимине макул эместигинен, ошол эле маалда анын артында күчтүү колдоо турганынан кабар берет. Жакында Бишкекке Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин келип, президент жана Жогорку Кеӊештин спикери менен жолугушкан. Мурда президенттик жарышка катышар-катышпасын ачык айтпай келген Турсунбеков Володин кетери менен журналисттерге Жогорку Кеӊештин ишмердүүлүгү боюнча маалымат жыйын өткөрүп, анын жүрүшүндө президенттик жарышка катышуу ою бар экенин жар салган.

Жакында, 15-июлда КСДПнын курултайы өтөт. Турсунбеков ажо жарышка кандай жол менен катышат, курултайдан кийин белгилүү болот. Курултай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтүп, ал эми Чыныбай Турсунбеков бийликтин Б планы катары өзүн өзү көрсөтүү менен президенттик жарышка аттануусу мүмкүн. Орус бийлигинин төбөлдөрү дал ушул маалда Турсунбековго басым жасап калуусу кадыресе көрүнүш эмес. Кыргыз парламентинин спикери КСДПнын катарынан чыгып, өз алдынча кетчү болсо, анда бийликтин командасы чын эле бир пикирде, бирдиктүү фронтто иштей албай калганынын белгиси болот...

Парламенттин депутаты Аида Салянованын агасы Калыбек Элтуйбасовду камакка алуу чечими чыгып, ага издөө жарыяланды. ИИМдин билдиришинче, Элтуйбасовдун эркиндикте жүрүшү Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча ишти иликтөөгө тоскоолдук жаратты. ИИМ "2014-жылы Элтуйбасов тергөөгө керектүү видеоматериалдарды өчүрүп салган, ошондуктан ал эркиндикте жүрбөй тергөө маалында камакта болуусу керек" деген чечимге келип, анын өлкөдөн сыртка чыгып кеткенинен улам издөө берди.

2014-жылкы ишке карата милиция кызматынын дал ушул маалда "ойгонуп" реакция кылуусу дагы бир талкууга жем таштады. Тактап айтканда, Элтуйбасовго издөө жарыяланышын депутат Аида Саляновага басым көрсөтүү деп чечмелегендер чыкты. Белгилүү болгондой, Аида Саляновага каршы козголгон кылмыш иши учурда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда каралууда. Мурдагы башкы прокурор Салянованын агасынын ысымы коомчулукка биринчи жолу 2014-жылы жарыяланган. Ал 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча ачылган кылмыш ишинде алгач шектүү катары, кийин күбө катары көрсөтмө берген. Камила Дүйшөбаева 2014-жылдын 10-мартында дайынсыз жоголуп, 17-мартта анын жансыз денеси табылган. 2015-жылы ИИМ Калыбек Элтуйбасовдун жогорудагы кылмышка катыштыгы жок экени аныкталды деп маалымат тараткан. Атүгүл жаш кыздын өлүмү боюнча ишти иликтөө кылмышка шектүүнүн жоктугунан токтотулган маалы да болгон. Бирок бул ишке чекит коюлбай жатат. Калыбек Элтуйбасовдун адвокаты жана жакындары бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, издөөдөгү жарандын кайда экенин айтпай турганын билдиришти. Муну алар "өлкөдө бүгүн мыйзам иштебейт, ошондуктан анын кайда экендигин айтпайбыз" деп түшүндүрүштү. Мыйзам боюнча, Калыбек Элтуйбасовдун күнөөлүү же күнөөсүз экенин тийиштүү органдар аныкташы керек эле. Бирок шектүүнүн жакындары сот адилеттүүлүгүнө ишеним жоктугунан тууганы башка өлкөдө жүрүүгө аргасыздыгын айтышууда. Сотторго ишеним жоктугун кечээ SUPER.KG порталынын түз эфиринде Ахматбек Келдибеков да айтты эле. Кооптуу көрүнүш. Өлкө жетекчилиги сот системи ийгиликтүү реформаланды деп баа берип жаткан маалда күн сайын өлкөнүн жарандары Кыргыз сотуна ишеним жоктугун айтып жар салышууда...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан