Винил пластинкалары акыркы маалда АКШ, Япония жана Улуу Британиянын аймактарында популярдуу болгон үчүн айрым компаниялар аларды ойнотуучу аппараттарды чыгарып баштаган. 2016-жылы АКШнын аймагында 17,2 миллион винил пластинкасы сатылган. Ал эми Японияда 1 жылда 799 000 көчүрмө сатылган.
Мындан улам япониялык Sony корпорациясы 30 жылдык тыныгуудан кийин бул пластинкаларды кайрадан чыгарып баштай турганын чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.
Маалыматтарга ылайык, Sony винил пластинкалары 2018-жылдын март айында Сидзуока аймагындагы Sony Music Entertainment компаниясында чыгарылып баштайт.
Кошумчалай кетсек, Sony компаниясынын акыркы пластинкасы 1989-жылы чыккан. Винил пластинкалары компакт-дискке (CD) атаандаш боло албай калганы үчүн чыгарылбай калган. Компакт-дисктер Sony компаниясынын катышуусу менен 1982-жылы чыгарыла баштаган.