Казакстандык 78 жаштагы ардагер Мариям Амраева өзүнүн небереси Дилшод менен биргеликте рэп окуган видеосу интернет ааламына кенен тарап, колдонуучулардын арасында көптөгөн талкуу жаратууда.
Видеодо ардагер апа небереси менен кезектешип рэп айтып, анда кадимки рэперлердей эле өзүнүн күнүмдүк жашоосундагы окуяларды баяндаган. Мисал катары, жөлөк пул алууга барганын, коммуналдык кызматтарды төлөгөнүн жана короо-жайды тазалаганын ыр түрүндө айтып берет.
Телекөрсөтүүлөрдүн биринде Мариям Амраева небереси 15 жашынан тарта белгилүү рэпер болууну кыялданганын, ага колдоо көрсөтүү максатында Дилшод менен рэп айтканын билдирген.