iPhone 8 манжаны сканерлөө функциясынын ордуна колдонуучунун бетин таануу 3D сканерин колдонушу мүмкүн

Таиланддык KGI Securities компаниясынын аналитик адиси Минг-Чи Куо жакында чыга турган iPhone 8 жөнүндө өзүнүн божомолун айтты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.

Минг-Чи Куо жаңы iPhone'до манжаны сканерлөө функциясы болбой турганын билдирген. Буга чейин сканерлөө функциясы смартфондун арткы капталына жайгашары тууралуу кептер айтылып келген. Ал үчүн “Apple” компаниясы манжаны ультразвук менен сканерлөө жаңы технологиясын колдонмок. Бирок ал технологияны ишке ашыруу мүмкүн болбой калган өңдүү. Андыктан эксперттин божомолунда компания манжаны сканерлөө функциясынан такыр эле баш тарткан.

"Жаңы iPhone 8де манжаны сканерлөө функциясынын ордуна, колдонуучунун бетин таануу 3D сканерлөө функциясы орнотулат. Аны сүрөт аркылуу алдап кетүү болбойт", - деген Минг-Чи Куо.

Минг-Чи Куонун “Apple” компаниясынын технологиялык тутуму менен түздөн түз байланышы бар болгону үчүн, анын божомолдору чын болуп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Abdyrashit.Satylganov
2017-07-05 06:37:57
Түндө кандай болот анда? Манжа менен эле жакшы эле да
0
Kaninaiman
2017-07-05 09:38:18
Ай-ии уктап жатса бетин тартып алабыз экенда шериктин телефону болсо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан