Өлкө аймагында 6-7-8-9-июль күндөрү күн өтө ысып, айрым жерлерде абанын температурасы +42°C'ка чейин жетет. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бул күндөрү Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн +25°C, күндүз +37, +42°C'ка чейин жетиши күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында 37 градус ысык болот.
Белгилей кетсек, күн жылыгандан бери жер-жерлердеги суулардын ташкыны жогорулап, 1-июндан бери өлкө аймагында 25 адам сууга чөгүп каза болгон.