Бул жылы Сибирдин жашоочулары өзгөчө көрүнүштүн күбөсү болушту. Новосибирск жана Томск облустарында миңдеген долоночу көпөлөктөр ажайып кооздукту тартуулашууда.
Томск мамлекеттик университетинин жетекчиси Владимир Романенконун айтымында, көпөлөктөрдүн саны былтыркыдан кыйла көп жана кийинки жылы да алардын саны өсөт.
Бул көпөлөктөрдүн тегерек кара түстөгү чийиндери бар ак канаттарынын алдынкы бөлүгүнүн узундугу 35 миллиметрге чейин жетет, ал эми канаттарын жайса узундугу 50-65 миллиметр болот. Ал Европа, Түндүк Америка, Борбор Азия, Чыгыш Якутия, Марокко, Түндүк Африка, Алжир жана Японияда көп. Англияда акыркысы 1925-жылы кармалып, көпөлөктөрдүн бул түрү жок болгон.
Анын курттары жалбырактуу бактарда жана бадалдарда жашап зыянын тийгизет.