Түркиялык актриса Туба Бүйүкүстүн 1982-жылы Түркиянын Стамбул шаарында туулган. Ал мектепти бүткөн соң Мимар Синан атындагы университетке тапшырып, кийим жана сахна кооздоочу адис болуп чыккан. Алгач жарнамаларга тартылып, кийин тасмага тартылуу сунуштары түшө баштаган.
2003-жылы ал катышкан "Султан Макамин" деген жаңы телесериал пайда болуп, түрк элдеринин арасында чоң кызыгууну жараткан. Мындан тышкары анын катышуусунда "Гүлзар", "Атам жана уулум", "Липа дарагынын алдында", "Сынак", "Аси", "Сулуу жана эр жүрөк" жана башка сериалдар катар-катары менен чыккан.
Туба Бүйүкүстүн 2010-жылы Түркияда 33 миллион адам катышкан сурамжылоодо эң популярдуу, таланттуу жана сулуу актриса деп табылган.
Актриса 2011-жылы Франциянын Париж шаарында түрк актёру Онур Сайлакка турмушка чыккан. Бир жылдан соң Майя жана Топрак аттуу эгиз төрөгөн.
5-июлдун жылнаамасы.