Мексиканын Сан-Педро-Хуамелула шаарынын мэри Виктор Агилар крокодилге үйлөндү. Мындай маалыматты кечээ, 4-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, азем күнү крокодилге ак көйнөк, башына гүл чамбар кийгизишкен. Ошол эле учурда анын жаагын өнөктөшүн тиштеп албасы үчүн байлап коюшкан. Аталган аймакта 19-кылымдан бери сакталып келе жаткан салтка ылайык, жогоруда аталган шаардын башчылары жыл сайын крокодил менен никеге турушат. Жергиликтүү тургундар бул нерсе балыкчыларга ийгилик алып келет деп ишенишет.
"Бул үрп-адат менен биз өсүмдүктөрдүн түшүмдүү болушун, деңиз биз муктаж болгон тамак-аштарды беришин, адамдарга жакшы болушун сурайбыз", - деп билдирген Агилар.