2017-жылдын 12-августунан тартып Кыргыз мамлекетинде Еразиялык экономикалык биримдиктин 18 техникалык регламенти күчүнө кирет. Аталган техникалык регламенттер интеграциялык биримдиктеги бардык өлкөлөрдүн аймагында түздөн-түз иштейт. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Элдар Абакиров 4-июлда маалымат жыйынында билдирди.
Абакиров белгилегендей, муну менен азык-түлүктөрдү рынокко чыгаруунун бирдиктүү системи түзүлөт, ЕАЭБ рыногуна продукцияларды чыгарууда бирдиктүү документтер колдонулат.
"Булардын баары техникалык жана административдик тоскоолдуктарды азайтуунун элементтери болуп саналат. Башкача айтканда, негизги максат - ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн аймагында товарларды тоскоолдуксуз алып өтүүнү камсыз кылуу болуп саналат", - деди ал.