Японияда музыканын ыргагына жараша шире чыгаруучу аппарат чыкты

Япониянын “Squeeze Music” ишканасы музыканын ыргагына жараша шире чыгаруучу аппаратты жасап чыкты. Аппаратты жасоонун негизги максаты музыка сүйүүчүлөрүнө алардын табитиндеги музыкага жараша даам тартуулоо.

Чет элдик маалымат кызматтары жазып чыккандай, аталган аппарат ырлардын ыргагына жараша 5 түрдүү шире чыгарат. Алар бактылуулук, энергия берүүчү, романтика тартуулоочу, кычкыл жана ачуу даамдарга бөлүнөт. Мындан сырткары кардардын талабына ылайык, ширелерге алкоголь суусундугун кошуп коюуга болот.

Төмөнкү видеодо атактуу ырчы Майкл Жексондун ырларын жактырган 28 жаштагы Аои Тода өз пикири менен бөлүшкөн.

“Мага бул музыка жагат, аны бир канча ирет кайталап уга берем. Бирок жасалган шире кошулмасы мени бул ырга башкача көз караш менен кароого үндөп, чоң кубаныч тартуулады”, - деген ал.

Белгилүү болгондой, аппаратты ойлоп тапкандар жакын арада дагы 5 түрдүү ширенин кошулмасын киргизерин билдиришкен.

Японияда музыканын ыргагына жараша сок чыгаруучу аппарат пайда болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан