Бикини – жабык эмес, эки бөлөк элементтен турган купальник. Алардын бирөө айымдардын көкүрөгүн жаап турса, экинчиси жамбашын.
Аны 1946-жылы 5-июлда француз дизайнери Луи Реар алгачкылардан болуп ойлоп тапкан. Ага бул идея, пляждагы эс алуучулардын купальниктери жабык болгондуктан, аны чечип күнгө күйүүгө аракет кылып жатышканын көргөндөн соң келген.
Бикинини алгачкы жолу париждик бийчи Мишелин Бернардини кийип, коомчулукка көрсөткөн. Андан соң 1950-жылдары актрисалар Мэрилин Монро менен Брижит Бардо кийишкенине карабай, аны эл ичинде кенен жайылтууга 10 жылдан ашуун убакыт кеткен.
Бикини тууралуу
Ал эми быйыл кандай бикини модада экенин билгиңиз келсе, бул жерден көрүңүз.
5-июлдун жылнаамасы.