Мукар Чолпонбаев президенттик шайлоого катышарын билдирди

Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтөт. Бул тууралуу ал 5-июлда Бишкекте президенттик шайлоо талкууланган тегерек столдо билдирди. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бере турганын айтты.

“Кыргыз эли жок болот же гүлдөп өсөт, башка жол жок. Президент болом дегендердин баарын колдоо керек. Талапкер болом дегендерди текшерүү үчүн комиссия түзүүнү сунуштайт элем. Комиссия "сиз президенттикке жарабайт экенсиз, башка бирөө болсун" десе ошол башка адамды текшерүүдөн өтпөй калгандар колдош керек”, - деди ал.

Эске салсак, Мукар Чолпонбаев 1995-1996-жылдары Жогорку Кеңештин төрагалык кызматын аркалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан