Куудул Тынар Курбаналиев: "Бир кезде МАИ кызматкери чайга таштабайсыӊбы дегенинен 10 сом бергем. Анткени Ошто чай 5 сом"

Бир нече мүнөттөрдөн соӊ белгилүү куудул Тынар Курбаналиевдин SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып суроолоруңузду узатып, жооп алсаңыз болот.

Суроолорду түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот. Колдонуучулардын арасынан кызыктуу суроо берген окурмандарды куудулдун атайын белектери күтөт.

15:00. Белгиленген убакытта куудулдун түз эфирдеги маеги башталды. Ал учурдагы эс алуусу, чыгармачылыгы тууралуу айтып берүүдө.

15:10. Куудул 2 жылдан бери аларга саясий кысым көрсөтүлүп жатканын айтты.

15:15. Окурмандын "Саясатчы болоюн деген оюңуз барбы?" деген суроосуна, "Кудай сактасын, жок" деп жооп берди.

15:21. Куудул мурунку жубайы ди-джей Лилия Абдибаитова экөөнүн ортосундагы уулу тууралуу айтып берип жатып ага алимент төлөбөй турганын, уулу азыр өзү менен жүргөнүн, учурда айылда экенин билдирди.

15:25. Куудул "МАИ кызматкерине чайга деп 10 сом таштап кеткем. Анткени Ошто чай 5 сом" деп күлдүрдү.

15:30. Тынар Курбаналиевдин "Албарсты мени басты" сатирасы көрсөтүлүүдө.

15:35. Окурмандын "Сизди Борончу Кудайбергенов менен таарынышып жүрөт дешет, ошол чынбы?" - деген суроосуна, "Мен Борончуга таарынбай эле жүрөм, бирок ал мага таарыныптыр деп уктум. Жеке өзүмө бул тууралуу айткан эмес", - деп жооп берди.

15:46. Куудул Индия кинолорунун каармандарын колуна гитара кармап алып туурап берди.

15:59. "Ата-энеңиз кыргыз эмес деп айтышат?" - деген суроого, "Атам кыргыз, апам башкыр улутунун кызы болгон", - деген жооп узатты.

16:10. Куудул алып баруучулар даярдаган логикалык суроолорго жооп берүүдө.

16:15. Тынар Курбаналиев менен Рахман Разыковдун "120 кой" сатирасынан соң жаралган "Сот идиот" сатирасы көрсөтүлүп жатат.

16:20. Куудул окурмандын суроосу боюнча анекдот айтып берди.

16:30. Тынар Курбаналиевдин SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги соңуна чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Ayimkaaaaaa
2017-07-05 15:13:29
Саламатсызбы Тынар аке.Уй булоонуз тууралуу айтып берсениз.
0
Aitun
2017-07-05 15:18:00
Сиз уй булоонуздон кеткенде Марат менен апаныз Лилия жене менен жашап журушкон. Ат айланып казыгын табат деп. Тилеке каршы андай болгон жок. Азырда туугандарыныз Лилия жене менен катышып турабы же байланыш узулгонбу? Эсимде Маратты окууга Лилия жене чуркап эрчитип журуп откоргону. Жооп учун алдын ала чон рахмат ишинизге ийгилик.
0
Aziat.kriminalist
2017-07-05 15:20:17
Тынар сиз суйууго туруктусузбу ? Биринчи аялыныз бир маегинде айтты эле суйлошуп жургон кызын ала качып кетип кийин табышып азыр ошо мн жашайт деп
+1
Razakova_aikyz
2017-07-05 15:21:49
Саламатсызбы? Сиз энениздин ак сутун актоо учун эмне кылдыныз?
0
Barclays_CR7
2017-07-05 15:28:55
Ошто туугандар неге салюту Жаны Жылда эмес Июньда атат.
-7
Aziat.kriminalist
2017-07-05 15:29:23
Саясатчыларды Борончу экоонуздор туурасаныздар окшошот ушуну мойнунузга алсаныз керек Борончу жок он колунуз жоктой сезилеттир
-2
Arzuuda
2017-07-05 15:38:15
Саламатсызбы бир белекти жон эле бере аласызбы шарты жок эле?)эркиниз жетеби
+1
taalay25
2017-07-05 15:38:35
Алып бааруучу кызды жактырып калдым. Азыр чет жердемин. Кыргызстанга барайын издеп табамын
+2
tavanova.sarah
2017-07-05 15:43:23
Саламатсызбы! Кесибинизди алмаштыра турган оюнуз жокпу? Мисалы президент болууга?
0
kyrgyz.93
2017-07-05 15:55:57
Ассалаума Алейкум кандайсыз тынар Ака сизди улактардан коруп калабыз аттарынызды кимге чаптырасыз жана кайсыл кок бору командасынын куйорманысыз
0
Suzak12
2017-07-05 16:10:52
Ассалому алейкум Тынар байке сизди баткендиктер урган дейт ушул чынбы?
0
Suzak12
2017-07-05 16:11:54
Сатираныз учун баткендиктер тууралу
0
kanatbekabytovich82
2017-07-05 16:23:10
Сатираныздын кобу озбек куудулу Мырза Холмедовдуку,анын сатирасынан караганда казак куудулу Турсунбек Кабатовдун сатирасын суйлосонуз тарбиялык тарабы да кобуроок эле))
-1
hihikayu
2017-07-05 16:26:04
Оштогу аялыныз Кансулуу жонундо айтып берсениз
0
Meikin
2017-07-05 16:31:43
Саламатсынарбы "супер" соссуз окуп койгулачы сураныч "Тынар талантына таазим 1мунот каалоо тилеп коесунбу Мейкин жана Мырза 3-4жаш удаа уулдарыма чон рахмат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан