Кытайда 5 миң жыл мурун жашаган алптардын сөөктөрү табылды

Кытайдын чыгышында археологдор 5000 жыл мурун жашаган кишилердин сөөгүн табышты. Алардын бою 1,9 метрге жеткен, ал убакта андай бойлуу адамдарды алп катары кабыл алышканын National Georaphic басылмасы жазат.

Чжанцю аймагындагы сөөктөрдү Шаньдун университетинин окумуштуулары табышкан. Алар изилдөөнү 2016-жылы баштап азыркы убакытта 104 үй, 205 мүрзө, керамика жана башка урандыларын тапкан. Алптардын үйлөрү ыңгайлуу, баалуу буюмдарга толгон болсо, өзүлөрү дыйканчылык менен алектенишкен.

“Окумуштууларды негизинен 5000 жыл мурун жашаган адамдардын сөөктөрүнүн калдыктары кызыктырат. Алар калдыктар менен адамдын денесин жасап чыгышкан. Азыркы учурда аталган аймакта жашагандардын бою орточо эсеп менен 1,7 метрди түзөт. Калдыктардын арасында чочконун дагы сөөктөрү жана тиштери табылган. Бул жана башка табылгалар аймакта жашаган илгерки адамдардын түрдүү азыктар менен тамактануу мүмкүнчүлүгү бар болгонун түшүндүрөт”, - деп жазылат маалыматта.

"Азыркы убакта 2000 чарчы метр жер казылды, казуу иштери уланууда. Кийинки археологиялык казуулар менен жаңы ачылыштар болот", - деп кошумчалашкан изилдөөчүлөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Leilek-razzakov
2017-07-05 17:46:47
5000 жыл сакталыптар да соок.
+2
Uragan07
2017-07-05 18:36:06
Сөөк негизи чирип кетиш керек болчу 5000жыл өткөнчө.
+3
Ali-han
2017-07-05 22:00:39
1.9 алп адам экен да буларга. Анда мен кытайга барсам алп деп ойлошобу?
+3
daniel87
2017-07-06 00:09:12
Ali-han,сен кыргызда деле алпсын тууган,эзгумация жакшы эмес!Том Круз Мумия фильмин кордук археолог менен Том ушинтип изилдейбиз деп отуруп энесин окуп калышкка саал калды
+1
daniel87
2017-07-06 00:10:26
Туугандар негизи арбак ыраазы кудай ыраазы дегенди кандай тушуносунор?ишенесинерби
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан