Юси Лю аттуу кытайлык дизайнер жана программист деңиз жээгиндеги жаратылышка суктанып, кумга ыр жаза билген робот сыяктуу кутуну (ящик) ойлоп тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Юси Лю роботту Шотландиядагы Эдинбург университетинде окуп жүргөндө информатика боюнча диссертация жазуу үчүн ойлоп тапкан. Дөңгөлөктүү куту шамалдын ылдамдыгы, ар кандай үндөр жана башка сырткы факторлор жөнүндө маалыматты чогултуп, анын негизинде кооз жана поэтикалык чыгарма жаратат. Ал муну жасалма интеллекттин программасынын жардамы аркылуу ишке ашырат.
Ойлоп табуучунун айтканына караганда, робот деңизди караганды, толкундардын үнүн, ак чардактардын үнүн укканды жактырат.