2018-жылы автоунаалар күтүлгөн кырсык жөнүндө алдын ала маалымдай баштайт

Европа биримдигиндеги Улуу Британия, Германия, Франция, Польша жана башка 24 өлкөнүн ичиндеги унаалар 2018-жылы жол кырсыктар тууралуу автоматтык түрдө кабарлаган "eCall" системи менен камсыздалат. 28 өлкөнүн ичинен Словения өлкөсү алгачкылардан болуп системди азыртан киргизип баштаган. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдайт.

"eCall" атайын орнотулган түзмөк, ал унаанын кырсыктаган жерин, жүрүп бараткан багытын жана унаада канча адам бар экенин тейлөө борборуна жөнөтөт.

“Түзмөктү жаңы жана эски унааларга орнотсо болот. Ал адамдын өмүрүнө кооптуу абал жаралганда жана кырсык болгондо гана иштейт. "eCall" системинин негизги максаты адамдын өмүрүн сактоо. Алдын ала айтылган маалымат боюнча, ал системдин жардамы менен 1 жылдын ичинде Европа биримдигинин аймагында 2000дей адамдын өмүрү сакталышы күтүлүүдө”, - деп айтышкан өндүрүүчүлөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bakan
2017-07-06 10:14:06
Жетишкендик
+2
mirkaa5182
2017-07-06 11:33:05
Жакшы кабар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан