Өткөн кылымдын эң зулум баңги төбөлүнүн Мексикадагы үйү 5 жылдыздуу мейманканага айланды

Дүйнөгө каардуулугу боюнча аты чыккан Колумбиялык баңги төбөл Пабло Эскобардын Мексикадагы үйү 5 жылдыздуу мейманканага айланды. Бул туурасында аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Пабло 20-кылымдагы кокаин сатуу менен алектенген эң каардуу жана зулум кылмыштуу топтун башчысы катары таанымал болгон. 1993-жылы ал каза болгондон кийин анын 23 бөлмөлүү үйүндө 10 жылдай эч ким жашаган эмес. 2012-жылы гана Лио Малка аттуу ишкер үйдү сатып алып, чакан эко-конок үйүн ачкан. Жакынкы күндөрдөн тарта имаратты кеңейтип, 5 жылдыздуу мейманканага айлантты", - деп жазылат маалыматта.

Баңги төбөлү Эскобардын тагдыры тууралуу жазылган маалыматтарга кайрыла турган болсок, ал 1980-жылдары мыйзамсыз маңзатын соодалагандардын сап башында турган. АКШга күнүгө 15 тонна кокаинди ар кандай айла амалдар менен жеткирип, жылына 22 миллиард доллар киреше тапкан. Мыйзамсыз тапкан кирешесин ачыктай албагандыктан суу өтпөгөн баштыктарга салып, жер төлөлөргө сактаган. Ал келемиш-чычкандардан коркчу, себеби бекиткен акчаларынын 10 пайызын дал ушул майда кемирүүчүлөр жеп кетип турган. Өмүрүнүн аягында үй-бүлөсү менен качкында жүргөндө, отун таппай накталай 2 миллион доллар акчаны күйгүзүп сууктан үшүп калган кызын жылытканы айтылат маалыматтарда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ali-han
2017-07-05 18:05:16
Базар жок адам болгон экен)))
+8
Patriot...kg
2017-07-05 18:58:42
Эркекче дань дань дань адам экен.
+4
pixduel1
2017-07-05 22:35:29
Он колу болуп иштеген Джон Васкес( Попай-каймана аты) колго тушуп оз колу менен олтургон 300 жана олтуруу буйругун берген 3000 адамдын жанын алганы учун 30жыл отурган.Оз ыктыяры менен кармалып бергени учун сот 30 жыл берген бирок озун жакшы алып журуп 23 жылдан сон эркиндике чыккан. Азыр жазуучу катары аны эл тааныйт
+4
Aita1995
2017-07-12 00:24:19
Ошондо Лио Малка уйду кимден сатып алган? Мамлекеттенби же кандай?
0
arstanbap02
2017-12-04 15:28:26
Чынында өтө кыйын адам болгон экен
Кызыгы акчаларын жер төлөөдө сактаганы экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан