Бүгүн, 5-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын булгап, кадыр-баркына шек келтирген деген негизде каралып башталган соттук иштердин биринчи инстанциядагы чечимдери чыгып бүткөнү калды. Эскерте кетсек, Башкы прокуратура ушул жылдын март айында “мамлекет башчынын аброюна шек келтирди” деп “Азаттык” радиосун жана “Заноза” сайтын сотко берген. Ал арыздар “Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамынын алкагында берилген. Баш-аягы 5 иш боюнча жогорудагы 2 жалпыга маалымдоо каражаты менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты, “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова жана Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары да бирге жооп берүүчүлөрдүн катарында болчу. Башкы прокуратура башында “Азаттык” менен “Занозаны” миллиондогон сомго сотко бергени маалым, бирок “Азаттыктын” иши боюнча доо арыз кайтарылса, “Заноза” боюнча аталган сайт прокурорлордон жеңилүүгө дуушар болушту. Ал эми доо арыз менен сотко кайрылууга “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Кипрге барып келгендиги тууралуу комментарийи, депутаттын жактоочулары тарабынан кулап түшкөн Боинг учагындагы жүк жөнүндө берилген маалымат жыйын, сөз эркиндигине арналган тегерек столдо айтылган билдирүүлөр жана башка макалалар негиз болгон. Башкы прокуратура жарыяланган маалыматтарды чындыкка дал келбейт деп таанууну соттон өтүнгөн эле.
Чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаты болуп саналган “Азаттык” өзүнө карата сотко берүүнү угары менен аталган радионун башкы редактору Ненад Пейдж “коомдук жыйындарда жасалган айыптоо фактыларын кабарлаганбыз, артынан эле президенттик администрациянын комментарийлери берилген” деп чыккан. Журналисттик коомчулук да коомдук жыйындарда жасалган билдирүүлөрдү сөзмө-сөз берүүгө мыйзам жол берерин эстеткен болчу. Көп өтпөй, радио караштуу болгон медиакорпорациянын президенти Томас Кент Чехиядан Кыргыз жерине келип, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен жолуккан. Бир айдан кийин эле президент Башкы прокуратурага “Азаттыкка” карата доо талаптарын артка алуу маселесин сунуштаган. 3-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Башкы прокуратуранын доо арызды кароону токтотууну канааттандырды. Бул аралыкта радионун кыргыз кызматынын жетекчилигинде да орун алмашуулар болгону белгилүү.
“Занозага” келсек, 30-июнь күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту биринчи иши боюнча башкы прокурордун арызын толук канааттандырып, аталган сайттын башкы редактору Дина Маслова, сайттын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып жана Чолпон Жакупованы ар бирин 3 миллион сомдон доого жыкты. Ушул эле күнү дагы бир доо арыз каралып, анда соттун чечими менен “Заноза” сайты жана журналист Нарын Айып өз-өзүнчө 3 миллион сомдон төлөөгө милдеттендирилди. 3-июль күнү кезектеги доо арыз боюнча соттук отурум болуп өтүп, анда да Башкы прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, сайт 6 миллион сомго, Нарын Айып 3 миллион сомго доого жыгылды. 4-июль күнү “Ата Мекен” партиясынын адвокаттарына байланыштуу доо арыз боюнча “Заноза” 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилди. Ошентип баш-аягы “Заноза” сайтынын өзүнө эле 26 миллион сомдук доо коюлду. Соттук процесстердин биринде Нарын Айып “биздин иш боюнча доо арызда кандай көрсөтүлсө ошондой, үтүр, чекитине чейин өзгөртүлбөгөн чечим чыгып жатат” деди. Алдыда дагы бир доо арыздын каралуусу калды, анын качан өтөрү азырынча белгисиз.
Ал эми “Ата Мекен” партиясынын жактоочулары Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунова соттун чечимин угуудан да баш тартышты. “Мунун баары бир гана шоу” дешкен адвокаттар 10 миллион сомго доого жыгылды.
Президент Алмазбек Атамбаевдин өзү жогорудагы доо арыздар боюнча “журналисттердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын башкы милдети – бул адамдарга жалган маалыматтарды жана ушактарды эмес, чындыкты жеткирүү экенин эске салгым келет” деген эле. Бирок ошол эле учурда мамлекет башчы бул доо арыздар берилгенге чейин чет өлкөгө чыккан сапарларында жана чет мамлекеттен келген делегацияларды кабыл алууда Кыргызда сөз эркиндиги баалуулуктардын сап башында турганын көп кайталачу. 2012-жылы Алмазбек Атамбаевдин “Кыргыз мамлекетинин келечегин эркин басма сөз менен гана элестете алам. Буга чейин басма сөздү ооздуктоолорду көрдүк” деп айтканы бар. Албетте, сөз эркиндиги менен сөз эркиндигин бардык ишке пайдаланууга болот деген кыянат мамиленин айырмасы бар. Бирок дүйнөлүк практика, ошол эле кыргыз журналистиканын тарыхы да көрсөткөндөй, жалпыга маалымдоо каражаттарын сотко берүү – бул барып-барып журналисттердин өзүн өзү тыюуга жана чектөөгө жеткирет. Бул тармакта иштөөдөн коркуп, ашыкча алаң көздүккө алып барат. 2005-жылы акаевдик, 2010-жылы бакиевдик режимдин кулашына 4-бийлик деп саналган, бейтараптыкты туу тутуп иштеген журналисттердин да салымы бар. Ошонун эсебинен да Кыргыз өлкөсү Борбордук Азиядагы эң демократиялык мамлекет болуп саналат. Жогоруда чыгарылган соттун чечимдеринен кийин Кыргыз мамлекетиндеги сөз эркиндигинин абалы эл аралык уюмдардын тиешелүү рейтингдеринде билинет. Эң башкысы, Кыргыздын бирден-бир бийлик карманары жок калып, эл аралык аренада Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Кытайдагы абалдан айырмасы болбой калган деңгээлге түшүп калбасак...